12
Декабрь
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен биргеликте Н.Э. Бауман атындагы университетке барып студенттер менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте Н.Е. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде болушту.
Алар “Спектр” комплекси, студенттердин жашоо шарттары, коворкинг залы, “Новоселье” маалымат борбору, студенттер үчүн фуд-корт менен таанышты. Андан ары делегация башчылары “Квант парк” комплексинде болушту, анда аларга алдыңкы илимий жана технологиялык техникалар менен жабдылган окуу лабораториялары көрсөтүлдү. “Квант паркында” 27 эксперименталдык изилдөө жана прикладдык лабораториядан турган экосистема түзүлүүдө.
Мындан тышкары, делегация башчылары менен Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан КМШ өлкөлөрүнүн студенттери менен жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттик командалар “Каспий орбитасы” жана “Жашыл киберферма” инженердик долбоорлорун сунуштап, бир катар маселелер талкууланды. Бул командалардын курамында Кыргызстандан эки студент бар.