12

Декабрь

2024

Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография боюнча кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү

Улуттук тарых музейде Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография боюнча кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Катышуучулар улуттук киноиндустрияны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулады.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Ал жыйындын алдында 2024-жылы сатылып алынган жаңы кинотехникалар жана кыргыз киносунун быйылкы жылдагы жетишкендиктери менен таанышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын маданий мурасын эл аралык аренада таанытуу жана өлкөнүн оң имиджин түзүү үчүн киноиндустриянын стратегиялык маанисин белгиледи.

Эдил Байсалов киноиндустрияны өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоо, анын ичинде техникалык базаны модернизациялоо, инвестицияларды тартуу жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, ошондой эле жигердүү эл аралык кызматташуу жана кыргыз киносун чет элдик фестивалдарда даңазалоо зарылдыгын белгиледи. 

Жыйындын соңунда 2025-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер жана “Кыргызстан – баатырлардын өлкөсү” концепциясын ишке ашыруу планы белгиленди. кинематография боюнча кеңеш катышуучуларга жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз киносун өнүктүрүүдө амбициялуу максаттарга жетүү үчүн мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдирди.