13
Декабрь
2024
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.
Төмөндөгү тизмеде кол коюлган документтер:
- “Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан тармактарда биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда каржылык жардам көрсөтүү жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечим;
- “Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө” тескеме.