16
Декабрь
Президенттин Администрациясында өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер каралды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө айрым продукцияларды өлкөгө импорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизүү, айрым мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн импорттоого чектөөлөрдү узартуу, айыл чарба жаныбарларын экспорттоого квота берүү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына токтолгон МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз азык-түлүккө ээ болушу үчүн тиешелүү бардык мамлекеттик органдар биргеликте активдүү иш алып баруу керектигин белгиледи.
Ошондой эле, жаңыдан түзүлгөн Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институтунун директору институт өлкөдөгү тамак-аштын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча илимий чечимдерди иштеп чыгуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөөрүн айтты.