18

Декабрь

2024

Будапештте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу өттү

17-декабрда Будапешт шаарында, Венгрияга бир күндүк иш сапары менен барып келген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын-Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу болуп өттү.  
 
Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты.
 
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулду.