18
Декабрь
2024
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Алмамбет Насырканович Шыкмаматов Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Фискалдык органдын жамаатына жаңы жетекчини Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.