19

Декабрь

2024

Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жаңы жылдык балдарга арналган иш-чарага катышты

 Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өткөн жаңы жылдык иш-чарага КРнын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева катышты.


 Асел Чынбаева Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан балдарды жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук жана бакубат жашоо каалады.


 Иш-чарага ошондой эле Казакстандын, Венгриянын, Кытайдын, Япониянын жана башка катталган мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери жана өкүлдөрү, Сокулук реабилитациялык борборунун, «Келечек» майыптар реабилитациялык борборунун, Краснореченск жалпы билим берүүчү көмөкчү мектеп-интернатынын балдары жана башка балдардын кайрымдуулук фонддору катышты. 


 Иш-чаранын максаты балдарды дүйнө элдеринин салттуу ырым-жырымдарынын маданий өзгөчөлүктөрү жана тарыхы менен тааныштыруу, ошондой эле калктын аярлуу катмарына коомчулуктун көңүлүн буруу болгон. 


 Программанын алкагында коноктор музейдин көргөзмөлөрү, жаңы жылды тоскон түрдүү өлкөлөрдүн маданий салттары менен таанышып, атайын балдар үчүн уюштурулган майрамдык иш-чараларга катышты.