23

Декабрь

2024

Асел Чынбаева мектепке чейинки билим берүү тармагында ваучердик механизмди пилоттук түрдө колдонууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук колдонууга арналган тегерек столго катышты.


Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, билим берүү тармагындагы ишкерлер жана эксперттер чогулушту. Тегерек столдун максаты балдардын социалдык жактан аялуу катмары үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн ваучердик механизмди пилоттук киргизүүнүн тартиби менен таанышуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 токтому) болгон. 


Талкуунун жүрүшүндө төмөнкүлөр каралды: ваучерлер аркылуу билим берүү кызматын киргизүүнүн жана каржылоонун тартиби (Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан сунушталган), пилоттук долбоорду ишке ашыруу планы (министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен), ошондой эле механизмди ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча сунуштар.


Асел Чынбаева аялуу катмардагы балдардын мектепке чейинки сапаттуу билимге жетүүсү үчүн ваучер механизминин маанилүүлүгүн белгиледи.


Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды кабыл алышты.