24

Декабрь

2024

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын өздөрүнүн кесиптик чөйрөсүндө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкышты тапшыруу аземине катышты.  
 
Министрлер Кабинетинин Төрагасы катышуучуларды сыйлыктары менен куттуктап, алардын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.  
 
“Адал жана чыныгы эмгек кадыр-баркка жана урматтоого татыктуу. Сиздерди татыктуу сыйлыктарыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Бул сыйлыкка ээ болуу мекендин жыргалчылыгы үчүн көп жылдык эмгегиңиздердин натыйжасы. Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгын белгиледик. Муну менен катар бир катар мамлекеттик органдар да жүз жылдык мааракелерин белгилешти. Бүгүнкү сыйлык тапшыруу аземинде Кыргыз милициясынын, Экономика министрлигинин, Кыргызстандын Прокуратурасынын 100 жылдыгынын, ошондой эле Улуттук китепкананын жана Энергетика министрлигинин 90 жылдыгына карата мугалимдер, дарыгерлер, милиция кызматкерлери, энергетиктер жана башка адистер сыйланышты. Бул сыйлык сиздер үчүн мындан аркы ийгиликтерге жана жооптуу ишмердүүлүгүңүздөрдүн мыкты натыйжаларына чоң дем жана мотивация болот деп ишенем”, – деди ал.  
 
Адылбек Касымалиев сыйлык ээлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга бакыт-таалай, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.  
 
“Келе жаткан 2025-жыл чоң ийгиликтердин жылы болсун. Өлкөбүздө гүлдөп-өнүгүү жана жыргал жашоо болсун”, – деп сөзүн жыйынтыктады ал.  
 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш менен 114 адам сыйланды.