30
Декабрь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жаңы жылдык майрамдарда коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди
«Ынтымак-Ордо» президенттик администрациясында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өтүүдө.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча бир катар милдеттерди койду.
Алсак, Ички иштер министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Энергетика министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана шаар мэрлерине атайын тапшырмалар берилди.
«Коомдук иш-чараларда жана майрамдык салтанаттарда коопсуздукту максималдуу камсыздоо зарыл. Тез жардам кызматтарын, медициналык топторду, саламаттыкты сактоо мекемелерин, авариялык куткаруу жана өрт өчүрүү кызматтарын, ошондой эле укук коргоо органдарын күчөтүлгөн иштөө режимине өткөрүлсүн. Энергетика объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин жана жарандардын электр энергиясына болгон керектөөлөрүн толук канааттандырууну камсыз кылынсын. Жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн ишеним телефондорунун үзгүлтүксүз иштешин жана майрам күндөрү жарандардын ыңгайлуу жүрүшү үчүн коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштеши камсыз кылынсын. Мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлеринин кызматтык графиги бекитилсин», - деп тапшырма берди Адылбек Касымалиев.