31
Декабрь
2024
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Айданек» борборунун балдарын Жаңы жылы менен куттуктады
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында жайгашкан «Айданек» балдарды реинтеграциялоо борборуна барды. Ал балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, келе жаткан жылда балдарга чың ден соолук, бакыт-таалай каалап, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан белектерди тапшырды.
Учурда борбордо 44 бала жашайт. Ал балдардын гармониялуу өнүгүшүнө көмөктөшүүчү социалдык адаптация жана реабилитация боюнча убактылуу турак-жай, кам көрүү, билим берүү жана кызматтарды көрсөтөт.