31

Декабрь

2024

Товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Кыргыз Республикасында товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев болду. 

Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү ишти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштарды киргизет. 

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

  • Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич    –    Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
  • Пирназаров Марат Туголбаевич    –    Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдө кызматынын төрагасы;
  • Джунушалиев Руслан Алмасбекович    –    Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • Кимсанов Улан Ашимович    –    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
  • Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович    –    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Алиев Мирзат Муратканович    –    Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын салыктык чараларды талдоо жана баалоо секторунун башчысы;
  • Иманалиев Эркинбек Эмильевич    –    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын талдоо жана тобокелдиктер башкармалыгынын начальниги;
  • Саргобонов Улан Эрламбекович    –    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын талдоо жана тобокелдиктер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
  • Алманбетов Азат Аясбекович    –    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын товарларга байкоо жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча контролдоо башкармалыгынын начальниги;
  • Исмаил уулу Нурбек    –    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
  • Турдумбетов Сейтбек Асылбекович    –    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ыкчам контролдоо башкармалыгынын начальниги;
  • Арыков Роллан Айдаралиевич    –    Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бухгалтердик эсепти, финасылык отчетту жана аудитти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Калысбеков Нурсултан Калысбекович    -    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын мамлекеттик кирешелерди талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • Саипов Султан Галиевич    –    Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Белгилей кетсек, жумушчу топтун максаты - товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле бизнес-процесстерде аларды натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо.