03
Январь
“Кылым Банк” мамлекеттик банкы түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен уставдык капиталы 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом болгон ”Кылым Банк” ачык акционердик коомун (“Кылым Банк” ААК) түзүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Банк борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп дайындалган жана банк операцияларын, эсептешүүлөрдү жана клирингди, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.
Каржы министрлигине зарыл болгон процедураларды, анын ичинде лицензиялоону жана каттоону камсыз кылуу милдети жүктөлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына “Кылым Банк” ААКны техникалык камсыздоо, байланыш кызматтарын көрсөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай табуу тапшырылды.