07
Январь
Кыргызстандын МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу болот
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын 8-январында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болот.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин Президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.