11

Январь

2025

Президенттин Администрациясында Кыргыз Республикасына суверендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси каралды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасына суверендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси талкууланды.
 
Министрлер Кабинетинин Төрагасы эл аралык капитал рынокторуна чыгуу аркылуу инвестицияларды тартуу үчүн кредиттик рейтинг индикаторунун маанилүүлүгүн жана жогорку ролун белгиледи.
 
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн кредиттик рейтингин алууга багытталган пландалган этаптар жана иш-чаралар талкууланды.