12

Январь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Гонконгго келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өзүнүн жумуш сапарын Кытай Эл Республикасынын Атайын административдик району Гонконгдон баштады, сапар үстүбүздөгү жылдын 12-14-январь күндөрү уланат. 

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык иш-чара деп эсептелген — Азия каржы форумуна катышат.  

Форумдун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы негизги баяндамачылардын бири катары сөз сүйлөйт, ал өз сөзүндө эл аралык каржыга, Кыргызстандын экономикалык өнүгүү келечегине жана анын аймактык экономикалык процесстердеги ролуна байланыштуу актуалдуу маселелерди камтыйт. Инвестицияларды тартууга жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 

Сапардын программасына форумга катышуудан тышкары Гонконгдун Атайын административдик районунун башчысы, ошондой эле бир катар ири банк жана каржы институттарынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар кирет. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосундагы соода алакаларын кеңейтүү перспективалары талкууланат. Анда эки тарапты кызыктырган далилдүү долбоорлорду жана демилгелерди талкуулоо пландалууда.