18

Январь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Гравенин жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту. 

Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун 2024-жылдагы кызматташтыгынын жыйынтыгы чыгарылып, келечектеги перспективалары белгиленди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Антье Гравеге жана БУУнун Кыргызстандагы миссияларынын жетекчилерине өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча реформаларды жана программаларды колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди, анда 2024-жылдагы маанилүү окуялар белгиленди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстанга сапары айтылды. 

“БУУнун Башкы катчысынын Кыргызстанга болуп өткөн сапары эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берди, анын ичинде аймактык коопсуздук, климаттын өзгөрүүсү, тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу маселелери болду. Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү БУУнун ролун эске алуу менен Башкы катчыга Ысык-Көл облусундагы тоонун чокусуна “БУУ чокусу” аталышындгы сертификат тапшырылды”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Ошондой эле 23-октябрды “Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү” деп жарыялоо боюнча Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы кабыл алынганы белгиленди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдө, аларды улуттук өнүктүрүү программаларына интеграциялоо маселесине артыкчылык берип жатканын белгиледи. 

“Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирип, 45-орунду ээледи. 2030-жылга карата Кыргызстан алдыга амбициялуу максатты коюп жатат – ТӨМдү ишке ашыруу боюнча БУУнун алдыңкы 30 өлкөсүнүн бири болууга”, – деп кошумчалады ал.

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы тоо-кен тармагын өнүктүрүүнү уланта берерин белгилеп, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча өлкөнүн стратегиялык долбоорлоруна токтолду. 

Өз кезегинде Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве өлкөнүн демилгелерин колдоого жана эл аралык аренада ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин ырастады.