23

Январь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди Ош шаардык мэриясынын жамаатына тааныштырды

Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди мэриянын жамаатына тааныштырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин негизги ролун белгиледи.

Ал белгилегендей, жаңы мэрдин алдында шаардын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча чоң милдеттер турат.