25

Январь

2025

МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Швейцариянын "Helvetas" уюмунун лыжа машыктыруучуларын окутуу программасынын катышуучулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарында Швейцариянын "Helvetas" уюмунун лыжа машыктыруучуларын окутуу программасынын катышуучулары менен жолугушту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб башчысынын орун басары катышуучуларга Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

Программа Кыргызстанда таанылган швейцариялык мектептин моделине негизделген жогорку европалык стандарттарга ылайык келген лыжа машыктыруучуларынын улуттук мектебин түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.


Эдил Байсалов өлкөнүн тоо лыжа индустриясын өнүктүрүү үчүн лыжа машыктыруучуларын даярдоодо жана лицензиялоодо эл аралык стандарттарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, инфраструктураны өнүктүрүү жана бул жааттагы кесипкөйлүктү жогорулатуу Кыргызстандагы лыжа курортторун эл аралык борборлорго айлантууга жардам берет.


"Программа Helvetas— биздин өлкөнүн туруктуу туризмин жана экономикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Биз Швейцария Өкмөтүнө жана "Helvetas" уюмуна Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазыбыз. Программанын катышуучулары өлкө боюнча машыктыруучулардын Улуттук мектебинин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенебиз", — деди Эдил Байсалов.


"Helvetas" уюму ийгиликтүү эл аралык кызматташтыктын үлгүсү болуу менен Кыргызстанга туруктуу өнүгүүнүн ар кандай багыттарында колдоо көрсөтүүнү улантууда