28

Январь

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын Кыргызстандагы Элчиси Шандор Дороги менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Данияр Амангелдиев кыргыз-венгр кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жаткандыгына канааттануусун билдирип, ар кандай деңгээлдеги саясий диалог жана жемиштүү өз ара аракеттенүүнү белгиледи. Стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү жолундагы маанилүү кадам катары ал Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын 2024-жылдын 5-ноябрында Кыргызстанга ийгиликтүү расмий сапарын белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти. Ошондой эле, Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгр өкмөттөр аралык комиссиясынын 2025-жылга белгиленген кезектеги жыйынын Будапештте өткөрүү маселеси каралды. Анда Данияр Амангелдиев кызматташуунун эки тарапка тең пайдалуу экенин белгилеп, Кыргызстан Венгрияны европалык багыттагы маанилүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Элчи Шандор Дороги Венгриянын айыл чарба жана туризм тармагындагы конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга кызыкдар экенин белгилеп, кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин ырастады. Тараптар ошондой эле маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташуу, Венгрияда кыргызстандык студенттер менен адистер үчүн мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кызматташуунун башка келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Данияр Амангелдиев менен Шандор Дороги кыргыз-венгер мамилелерин достук жана өз ара пайдалуу кызматташуу деминде мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.