29

Январь

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында министрликтин ишинин негизги багыттарын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясына катышып, ведомствонун жакынкы келечектеги ишинин негизги багыттарын белгиледи.

Данияр Амангелдиев өз сөзүндө Тышкы иштер министрлигинин өлкөнүн мамлекеттик органдары менен болгон биргелешкен жана координацияланган ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, министрликтин алдына бир катар милдеттерди койду, анын ичинде экономикалык дипломатияны өнүктүрүү, инвесторлорду тартуу жана ата мекендик компаниялардын ишкердик беделин эл аралык аренада көтөрүү.

Данияр Амангелдиев чет элдик институттардын жигердүү иштеши зарылдыгын белгилеп, өлкөнүн имиджи жана таанылышы бул чет элдик инвестицияны тартуу үчүн маанилүү фактор экенин кошумчалады.

Соңунда Данияр Амангелдиев Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери өлкөнүн алдында турган милдеттердин масштабын түшүнөт деген ишенимин билдирип, алардын улуттук кызыкчылыктарды камсыз кылуу жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөө боюнча иштерине ийгиликтерди каалады.