29
Январь
2025
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Казакстанга барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президентин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, 2024-жылдын 30-31-январында жумуш сапары менен Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) барат.
Жумуш сапарынын алкагында МинКаб башчысы Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошондой эле жыл сайын өтүүчү "Digital Almaty 2025" санариптик форумунда сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.