29

Январь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы менен өлкөнүн уюмга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту.  
 
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы 2025-жылга карата Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусу жана пландаштырылган демилгелерди ишке ашыруу болду.  
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Кыргызстан ТМУнун  алкагында көп кырдуу кызматташууга, ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттер менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.  
 
“Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун төрагалыгы учурунда анын ролун жана кадыр-баркын мындан ары да бекемдөө максатында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантат, бул чоң жоопкерчилик жана ошол эле учурда жаңы демилгелерди ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.  
 
Өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Уюмдун 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы, ошондой эле Кыргызстандын Уюмга төрагалыгы учурунда пландаштырылган иш-чаралар тууралуу тууралуу маалымат берди.  
 
Тараптар ТМУнун учурдагы күн тартиби боюнча пикир алышты жана 2025-жылга карата иш-чараларды жана жыйындарды өткөрүү боюнча пландарды талкуулашты. Мындан тышкары, Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды тереңдетүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле учурдагы маселелерди биргелешип чечүүгө өзгөчө көңүл бурулду.