29

Январь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Хидэки Года кыргыз-япон өнөктөштүгүн тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидэки Года менен жолукту.  

Жолугушууда тараптар кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалын жана аны мындан ары дагы өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода-экономикалык кызматташуу жана инвестиция тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. 

Адылбек Касымалиев Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк мамилелердин жетишилген деңгээлине негизделген Япония менен кызматташууну тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.  

JICA, JDS программаларынын жана Кыргыз-Япон адамдык өнүгүү борборунун алкагында Япониянын колдоосуна ыраазычылык билдирген МинКаб Төрагасы, улуттук экономикалык долбоор статусун алган JICAнын “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышын өзгөчө белгиледи,  

Ал эми, соода-экономикалык мамилелерди талкуулоо учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшү үчүн болгон потенциалды ачуунун маанилүүлүгү белгиленди.  

“Азыркы жүргүзүлүп жаткан саясаттын негизги багыттарынын бири – энергетика, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба, маалымат технологиялары жана туризм сыяктуу экономиканын негизги тармактарына чет элдик инвестицияларды тартуу жана коргоо”, – деди Адылбек Касымалиев. 

Ошондой эле, Япониялык инвесторлордун биргелешкен долбоорлорго катышуусу Борбор Азиянын экономикалык байланышын арттыраары жана Япония менен соода алака бекемделе турганы белгиленди.  

Өз кезегинде Элчи Хидэки Года МинКаб Төрагасына үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Япониянын Премьер-министринин атайын өкүлү Акихиса Нагашиманын Кыргызстанга боло турган сапары тууралуу маалымат берди, анын сапарынын алкагында кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулат, ошондой эле “Борбор Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитине даярдык көрүү маселелери каралат.   

Мындан тышкары, ал Япониянын Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү арттырууга умтулаарын ырастады. 

Жолугушуунун соңунда тараптар көп кырдуу кыргыз-япон өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.