30

Январь

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы менен Уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында соода-экономикалык маселелерди талкуулады 

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту.  
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулашты жана Мамлекет башчылары тарабынан буга чейин коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.  
 
Тараптар ошондой эле 2025-жылга карата аймактагы экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган пландарды талкуулашты.