30

Январь

2025

Кыргызстанда ак илбирсти коргоого арналган форум өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ак илбирсти коргоо эл аралык фондунун илимий директору Костуб Шарма, ошондой эле Ак илбирсти жана анын экосистемаларын коргоо боюнча глобалдык программанын Катчылыгынын өкүлдөрү менен жолукту.  
 
Жолугушуу 2025-жылдын 5-6-июнунда Ысык-Көл облусунда өткөрүлө турган Ак илбирсти жана анын экосистемаларын коргоо боюнча глобалдык программасын Башкаруучу комитетинин IX отурумуна даярдык көрүүнүн алкагында өттү. Иш-чарага ак илбирстер байырлаган 12 өлкөнүн, эл аралык уюмдардын, донордук агенттиктердин өкүлдөрү, ошондой эле жаратылышты коргоо, климатология жана туруктуу өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы эксперттер катышат.  
 
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Эдил Байсалов алдыдагы жыйындын ак илбирсти жана анын экосистемаларын коргоодогу негизги ролун белгилеп, бул жаатта эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Кыргызстанда бул сейрек кездешүүчү жаныбар боюнча изилдөө жүргүзүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Ак илбирсти коргоо эл аралык фондуна ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстан ак илбирстер эң көп байырлаган өлкө катары таанылды.  
 
Тараптар алдыдагы жыйындын күн тартибине кире турган негизги маселелерди, анын ичинде жашыл экономиканы өнүктүрүү, жапайы жаныбарлардын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү жана экотуризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты, ошондой боло турган форумда климаттын туруктуулугуна жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого өзгөчө көңүл бурулат.  
 
Өз кезегинде эколог Костуб Шарма Кыргыз Республикасын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында 23-октябрь – Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү деп жарыялаган резолюциясынын кабыл алынышы менен куттуктады.