30

Январь

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. 

Жолугушуу Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

МинКаб башчысы Кыргызстан жана Беларусь элдеринин ортосунда жалпы тарыхый эс тутумга жана өз ара колдоого умтулууга негизделген достук мамилелер калыптанганын белгиледи. Ал Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Беларусиянын Президенти Александр Лукашенконун дарегине куттуктоо сөздөрүн жана жакшы каалоолорун айтты. 

"Биз дээрлик бардык тармактарда кызматташабыз, товар жүгүртүү өсүп жатат. Ошого карабастан, бизде соода, өнөр жай кооперациясы, Айыл чарба жана транспорттук-логистикалык тармактарда ишке ашырылбаган потенциал бар. Бул багытта биз конкреттүү эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыра алабыз деп ишенем", - деди ал. 

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко ар кыл тармактардагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин белгилеп, МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевди Беларуска расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ал Кыргыз Республикасы Беларустун соода-экономикалык чөйрөдөгү ишенимдүү жана маанилүү өнөктөшү болуп саналарын баса белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жакшы динамика байкалып жатканын кошумчалады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-белорус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды, инвестициялык өнөктөштүктү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү талкуулашты. Өзгөчө көңүл айыл чарба секторундагы, машина куруудагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды чыңдоого бурулду. Тараптар ошондой эле өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн жакында беш жылда 500 млн АКШ доллары өлчөмүнө жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.