30

Январь

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Алматы шаарында ЕӨАКтын тар курамдагы жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Алматы шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар курамдагы жыйынына катышты. 

ЕӨАК тар курамдагы жыйыны башталаардын алдында делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө тартуу аземи болуп өттү. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйыны үстүбүздөгү жылдын 31-январында өтөт.

Белгилей кетсек, ЕӨАК жыйынынын күн тартибине 12 маселе киргизилген, анын ичинде ЕАЭБ алкагында бажылык жөнгө салуу, АӨК чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну финансылык колдоо механизмин колдонуу, Биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, электрондук соода жана ЕАЭБде негизги товарларга товардык рыноктордун индикаторлорунун өздүк биржа системасын түзүү маселелери талкууланат.