31
Январь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту.
Жолугушуу Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.
Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан Иран менен достук мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берээрин жана Иран тарап менен бардык деңгээлдеги саясий диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экенин белгиледи.
"Биздин өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Иран менен инвестициялык кызматташтык биздин өкмөттүн экономикалык дипломатиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Буга байланыштуу сооданын көлөмүн көбөйтүү жана Кыргызстандын экономикасына Иран инвестицияларын тартуу үчүн биргелешкен аракеттерге биздин кызыкдарлыгыбызды жана даяр экенибизди баса белгилегим келет", - деди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, жакынкы арада Иранга келип кетүүгө чакырды. Ал эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык тармактардагы кыргыз-иран кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.