03
Февраль
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтому күчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 809 “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу токтом кабыл алды.
Бул токтом жаңы редакцияда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2025-жылдын бир катар дем алыш күндөрү 2025-жылдын январь жана май айларынын башка күндөрүнө жылдырылган.
Бирок 2025-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жаңы редакциясы (мындан ары – Эмгек кодекси) күчүнө киргендиктен, дем алыш күндөрүн которуу боюнча токтомду жокко чыгаруу зарылчылыгы келип чыккан.