04
Февраль
Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги негизги маселелери талкууланды. Анда тараптар 2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында жетишилген эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуусун кеңейтүүгө багытталган макулдашууларды ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө көңүл бурушту.
Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө практикалык кызматташууну бекемдөөгө эки тараптын тең кызыкдар экенин баса белгилешти.