05
Февраль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен актуалдуу маселелерди талкуулады
Бишкек, Ынтымак-Ордо, 5-февраль, 2025-жыл. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.
Элчи Лесли Вигери менен саламдашып жатып, Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына жана кеңейишине ишеним билдирди.
Конструктивдүү сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин негизги аспектилерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкчылыгын ырастап, банктар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн америкалык консалтингдик компаниялар менен анын ичинде IT, тоо-кен өндүрүшү, энергетика, авиация жана темир жол транспорту чөйрөлөрүндө кызматташууну стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Адылбек Касымалиев эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн элчи Вигери менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.
Элчи Лесли Вигери өз кезегинде АКШ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулаарын ырастады.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.