06

Февраль

2025

Кыргызстан менен Британиянын “Concrete canvas” компаниясынын ортосунда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюлду 

Бишкек, Ынтымак-Ордо, 2025-жылдын 6-февралы – Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын “Concrete canvas” компаниясынын ортосунда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюлду.  
 
Заводдун пландаштырылган кубаттуулугу жылына кеминде 5 миллион м² ийилме бетон чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетет.
 
“Биз 100 тонна цементтин ордуна 5 тонна гана бул материалды колдоно алабыз, ошол эле учурда жогорку натыйжага жетишебиз, монтаждоо-реконструкциялоо ылдамдыгын бир топ жогорулатат. Бул технологияны колдонуу менен биз замандын талабына жооп берип жатабыз”, – деди Адылбек Касмымалиев.
 
Ал ошондой эле бул долбоор “мамлекет менен бизнестин натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү” экенин белгиледи.
 
“Биз бул долбоор башка инвестициялык демилгелердин катализатору болуп каларына ишенебиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.  
 
Маалымат үчүн  
Ийилме бетон плита – бул орнотууну тездетет, айлана-чөйрөгө терс таасирин азайта турган инновациялык материал.