07

Февраль

2025

Министерлер Кабинети калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуунун тартибин бекитти

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат. 

Кабыл алынган токтом объекттерге, продукцияларга (товарларга), азык-түлүк чийки затына, кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин белгилейт жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чыгарган актыларды жана алар тарабынан өз компетенциясынын чегинде көрүлүүчү чараларды аныктайт.

Бул тартиптин негизги максаты – адамдын ден соолугун коргоого жана ден соолугу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө конституциялык укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу маселелери боюнча “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу болуп саналат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу кирсеңиздер болот. 

Тиркеме.docx