11

Февраль

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Дубайда Masdar компаниясынын аткаруучу директору Мухаммад Жамил Аль Рамахи менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Masdar компаниясынын аткаруучу директору Мухаммад Жамил Аль Рамахи менен жолукту.  

Жолугушуу Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында болду.  

Тараптар кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташуу маселелерин, анын ичинде Кыргызстанда күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.  

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, бул жаатта алдыңкы тажрыйбаларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди. 

Өз кезегинде Masdar компаниясынын аткаруучу директору Мухаммад Жамил Аль Рамахи республиканын энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы жогорку потенциалын белгилеп, компания кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүү жана долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашышты. Үстүбүздөгү жылы компаниянын жумушчу тобу Кыргызстанга жөнөтүлөт.