11
Февраль
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн аймактык директору Белен Санс менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Белен Санс менен жолугушуу өткөрдү өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар гендердик теңчиликтин негизги маселелерин талкуулашты, анын ичинде аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, зомбулукка каршы күрөшүү, чечимдерди кабыл алуу органдарында алардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу жана ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо.
Эдил Байсалов Кыргызстан негизги эл аралык конвенцияларды ратификациялоо менен гендердик теңчилик саясатын ырааттуу жүргүзүп жатканын баса белгиледи. 2024-жылы өлкө Пекин +30 платформасын ишке ашыруу боюнча Улуттук баяндаманы тапшырды, бул аялдардын укуктарын жана туруктуу өнүгүүсүн алдыга жылдырууда маанилүү кадам болду.
Кыргызстандын 2025-жылдын март айында Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 69-сессиясына активдүү катышууга даярдыгы да ырасталды.
Жолугушуунун соңунда тараптар аялдардын укуктарын коргоо жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна толук кандуу катышуусун камсыздоо боюнча кызматташууну мындан ары да чыңдоого бекем ишенимин билдиришти.