11
Февраль
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев кардиохирургия илимий-изилдөө институтундагы өрттүн келип чыгышын жеке көзөмөлгө алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 11-февралынын кечинде Бишкек шаарындагы кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда (КИИИ) болгон өрткө байланыштуу кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алды.
Түзүлгөн кырдаалдын себептерин аныктоо жана бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо максатында МинКаб башчысы ведомстволор аралык комиссия түзүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев КИИИ ишин тез арада калыбына келтирүү жана бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.