12

Февраль

2025

Президенттин Администрациясы жыл жыйынтыгын чыгарат

img

2025-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ынтымак-Ордо» Администрациясында 2024-жылга карата иш-чаралардын жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйын болот.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ведомствого караштуу уюмдардын ишинин натыйжалуулугуна ар тараптуу баа берилет. Максаттуу индикаторлорго жетишүүнү талдоого, улуттук долбоорлорду ишке ашырууга жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларын аткарууга өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган чечимдер кабыл алынат.