12
Февраль
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри, Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулла бин Тук Аль-Марри менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелери, экономиканын келечектүү багыттары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн перспективалары талкууланды.
Ошондой эле, тараптар Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги үчүнчү жыйынын ушул жылы Бишкекте өткөрүүнү макулдашышты.
Мындан тышкары, эмират тарап Бишкекте өтө турган “Борбор Азия жана Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумга катышаарын ырастады.