13
Февраль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумуш сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин АдминистрациясынынЖетекчиси Адылбек Касымалиевдин Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон жумуш сапары аяктады.
Сапардын алкагында МинистрлерКабинетинин Төрагасы Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин ачылышына катышып, саммиттин алкагындагы “Жаңыдан пайда болуп келе жаткан глобалдык таасир”форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.
Адылбек Касымалиев Бириккен АрабЭмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министринин орун басары, Президенттик иштер министри Мансур бин Заид Аль Нахайян, Бириккен Араб Эмираттарынын МинистрлерКабинетинин иштери боюнча министри Мохамед Абдулла Аль Гергави, Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри, Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынынтеңтөрагасы Абдулла бин Тук Аль-Марри, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Аль-Сувайд менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Ошондойэле Мasdar жана Google компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Мындан тышкары, жумуш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосунда жаңы беш жылдыкка мамлекеттик башкарууну институционалдык өнүктүрүү жана модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.