14

Февраль

2025

Некролог – Идинов Нарынбек Айыпович (Нарын Айып)

img

Кыргыз Республикасынын коомчулугу жана журналисттер коому оор жоготууга учурады. 

2025-жылдын 13-февралында белгилүү кыргыз журналисти Идинов Нарынбек Айыпович (Нарын Айып) 73 жашында каза болду. 

Нарын Айып 1952-жылдын 6-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районунда туулуп, 1969-жылы Бишкектеги № 44 орто мектепти аяктаган. 

1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин артыкчылык менен бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. Дипломдук ишин Новосибирск мамлекеттик университетинде жактаган. 

1975–1976-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде стажировкадан өтүп, андан соң Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп иштеп, эмгек жолун баштаган. 

1977–1980-жылдары Н.Н. Семёнов атындагы СССР Илимдер академиясынын аспирантурасында окуган.

1990-жылы Москвада “Мүрөк” аттуу көзкарандысыз кыргыз жана орус тилдүү гезитти негиздеп, эки жыл анын башкы редактору болгон. 

1993-жылдан тартып “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда иштеп, Мюнхендеги жана Прагадагы кеңселеринде иштеп катардагы редакторлуктан башкы редакторлукка чейин жеткен. 

2003–2007-жылдары “Kyrgyz Weekly” аттуу көзкарандысыз электрондук бюллетенди орус жана англис тилдеринде чыгарып турган. 

2008-жылы Бишкекке кайтып келип, “Кабар” Улуттук маалымат агенттигин жетектеген, андан соң Коомдук телерадиоберүү корпорациясында, НТС телеканалдарында жана “Вечерний Бишкек” гезитинде саясий маселелер боюнча башкы-редактор болуп иштеген. 

2015-жылы “ПроМедиа” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, Zanoza.kg сайтын ишке киргизген. 2017-жылы болгон сот иштери аяктаган соң, NarynAiyp.com өздүк ресурсун негиздеген. 2018-жылдан тарта Бишкектеги “Бешинчи каналдан” кыргыз жана орус тилдеринде программаларды алып барган. 

Акыркы жылдары Нарын Айып “Кожомкул” жана “Эсимде” аттуу эки кино-роман жазып, алар жогорку сапаты жана илимий тили менен бааланган. Ошондой эле, Кыргызстан тарыхы жана маданияты боюнча аналитикалык макалаларды Массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыялап турган. Өзгөчө өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий турмушуна жигердүү катышып, кыргыз адабияты менен журналистиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. 

Нарын Айып акыркы убакта “Жетинчи канал” телеканалында иштеп жаткан. 

Нарын Айып өзүнүн аналитикалык терең ой жүгүрткөн чыныгы кесипкөйлүгү жана патриоттуулугу менен ата мекендик улуттук журналистиканын өнүгүшүнө жана калыптанышына, сөз эркиндигине жана демократиялык коомдун курулушана өмүрүн арнап чоң салым кошту. 

Анын кыргыз журналистикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана ишине болгон берилгендиги кесиптештеринин жана окурмандарынын эсинде түбөлүк сакталат. 

Идинов Нарынбек Айыповичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз. 

А.А. Касымалиев, Э.Ж. Байсалов, А.А. Максутов, Д.Т. Орунбеков, А.Ж. Алагөзов, М.Т. Тагаев, Б.К. Тиллебаев, Э.Д. Догдурбеков, Н. Асанбаев, А. Кулматов, Е. Жолобова, А. Султанбаев, Ш. Дүйшеев, Э. Нурушев, Б. Шамшиев, Б. Сарыгулова, М. Шерметалиев, И. Балташев жана башкалар.