18
Февраль
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев менен Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги кыргыз-венгерөнөктөштүгүн бекемдөө маселесин талкуулашты
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 18-февралында -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үзгүлтүксүз саясийдиалогдо жана экономикалык байланыштардын активдешүүдө айтылган эки тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти. Бул позитивдуу темпти сактоонун мааниси баса белгиленди.
Өзгөчө көңүл Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга болгон расмий сапарына бурулду. Бул сапар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүүдө маанилүү кадамболуп, түрдүү тармактарда мындан аркы кызматташууга бекем негиз түзөөрү белгиленди.
Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соодажүгүртүүнүн олуттуу өскөнүн белгилешип, бирок Кыргызстандын продукциясын Венгриянын рыногуна экспорттоону активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Адылбек Касымалиев «Кыргызстан Венгрияны Европага терезе катары карай турганын, ал эми Венгрия Кыргызстанды Кытайга дарбазакатары карай алаарын» белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун стратегиялык маанисин баса белгиледи.
Жолугушууда ошондой эле 2025-жылы Будапештте өтүүчү Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды, атап айтканда, алдыдагы жолугушууда өзгөчө көңүл бурууну талап кылган кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары каралды.
Мындан тышкары, кыргыз жарандарынын Венгрияга эмгекмиграциясы, атап айтканда, Венгриядагы кыргызстандыктарды ишке орноштуруу жана социалдык адаптациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда тараптар пландалган иштер менен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашаарына ишенимин билдирип, көп кырдуу эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.