19
Февраль
ЕАЭБ аймагынан сыртка акиташ ракушечникти экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары, кайра иштетилбеген же одоно майдаланган, кесилген же башка жол менен тик бурчтуу же төрт бурчтуу блокторго же плиталарга бөлүнгөн кабык акиташ ташты алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдун максаты жана милдеттери болуп кайталангыс жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана уникалдуу Жалпак-Таш кенинде табигый акиташ тегинин чийки затынын кескин жетишсиздигин алдын алуу саналат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирүүгө тапшырма берилди.