19

Февраль

2025

Каза болгон жарандарды жерге берүү жана мүрзө таштарын орнотуу тартиби боюнча нускамалар бекитилди

img

Тиркемеге ылайык каза болгон жарандардын сөөгүн коюунун жана мүрзө курулуштарын орнотуунун тартиби жөнүндө нускама бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ “Сөөк коюу жана сөөктү жерге берүү иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Сөөк коюу жана сөөктү жерге берүү иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жана каза болгон жарандардын сөөгүн коюу, мүрзө курулуштарын орнотуу маселелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн милдеттерине жана функцияларына ылайык токтомдун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.