20
Февраль
Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилди

Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилип, токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан билим берүү уюмдарынын каражаттарынын чегинде, ошондой эле аларды уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленди.
Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюмунун типтүү жобосу онлайн окутуу методунда колдонулган негизгитүшүнүктөрдү, онлайн билим берүү уюмунун максатын жана милдеттерин, алардын ишинин өзгөчөлүктөрүн сүрөттөйт, онлайн билим берүү уюмдарына колдонуу боюнча талаптарды аныктайт, ошондой эле онлайн окутуу методунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуу процессин уюштуруунун тартибин аныктайт.