20

Февраль

2025

Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар бекитилди

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алган токтомго ылайык, аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар тиркемеге ылайык бекитилди. 

Тиркемеге ылайык, жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартиби жана күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеси такталды.  

Бул токтомдун максаты   ченемдик укуктук актыларды, кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын потенциалын жогорулатуу,  ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.