20

Февраль

2025

МинКаб 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу программасын бекитти

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025–2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу программасын бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул токтом менен 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасы жана Жол картасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына Жол картасын белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Бул Программанын максатына жетүү боюнча иш-чаралар төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча жүргүзүлөт: санариптик сабаттуулуктун институционалдык базасын өнүктүрүү/чыңдоо жана калктын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү; кошумча билим берүү системасы аркылуу заманбап билим берүү каражаттарын, технологияларын жана ыкмаларын колдонуу менен санариптик платформалардын негизинде санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүү үчүн калктын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү; санариптик сабаттуулуктун жана санариптик көндүмдөрдүн артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, аларды санариптик технологияларды колдонууга түрткү берүү.