19
Сентябрь
25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берет
Бул туурасында бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Өкмөттүн жыйынында билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаровдун баяндамасынан башталды, анда Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун, тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу айтылды.
Парламенттин вице-спикеринин баяндамасынан соң, Премьер-министр Өкмөт Аппаратынын жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиевге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги Туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевге маалыматтагы айырмачылыктардын келип чыкпоосу үчүн дагы бир ирет айтылган сандарды талдап чыгууну тапшырды.
«25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулат. Ошондуктан биз отчетто көрсөткөн маалыматтар менен парламенттин маалыматы ортосунда айырмачылыктар орун албашы үчүн сандарды дагы бир ирет текшерип чыгуу зарыл», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү