21
Февраль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев биринчи расмий сапары менен Казакстанга барат
Үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев МинКаб Төрагасы болуп дайындалгандан бери биринчи расмий сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барат.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапарында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп эки тараптуу кызматташуу маселелерин кенен сүйлөшөт.
Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө "Казакстан Гарыш Сапары" Улуттук космос борбору, Казакстандын Санариптик өкмөтүнүн кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.