21
Февраль
Кыргызстан ЕЭК Кеңешинин отурумунда ЕАЭБдин негизги маселелерин талкуулоого катышты
Бишкек, Ынтымак-Ордо, 2025-жылдын 21-февралы - Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү.
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө 17 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.
Дары-дармек каражатын медициналык колдонуунун нускамаларына жана медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражатынын жалпы мүнөздөмөсүнө карата талаптарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул бейтаптын таңгакчасынын тиркемесинде потенциалдуу кооптуу көмөкчү заттарга байланыштуу эскертүү маалыматын жаңыртууга мүмкүндүк берет, ошондой эле рынокто дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн учурдагы спектрин сактоого жардам берет.
ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 2025-жылдын 30-июнуна чейин узартылды. Пилоттук долбоорду ишке ашыруудан кийин продукцияга байкоо жүргүзүү механизмин (муздаткычтар жана тоңдургучтар) толук масштабдуу ишке киргизүү күтүлүүдө.
Кеңештин мүчөлөрү 2025-жылга чейин Стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын айрым пункттарын ишке ашыруунун жүрүшү жана ЕАЭБ алкагында 2023-жылга чейин экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жана 2045-жылга чейинки мезгилге «Евразиялык экономикалык жол» Декларациясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун даярдоо жөнүндө маалыматты угушту.
Ошондой эле жеке жактар тарабынан сатылып алынган электрондук коммерциялык товарлар ЕАЭБдин бажы аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген нарк стандарттарын белгилөө, ошондой эле жеке жактар тарабынан сатып алынган электрондук соода товарлары үчүн бирдиктүү бажы алымынын ставкасын аныктоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, Кеңештин мүчөлөрү бажылык-тарифтик жөнгө салуу маселелерин, атап айтканда, кант өндүрүү үчүн чийки затты ташып келүүдө тарифтик жеңилдиктерди берүү, ошондой эле бир блоктуу транспорттук кондиционерлерди ташып келүүдө импорттук бажы алымдарынын ставкасын жогорулатуу боюнча мүчө мамлекеттердин сунуштарын карашты.